Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
БШК: Саат 14:00гө карата 815 766 адам добуш берди
30.11.2025 | 14:47

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 14:00гө карата шайлоочулардын катышуу көрсөткүчү 19,00 % түздү. Бул көрсөткүч боюнча 815 миң 766 адам добуш берди.
Округдар боюнча катышуу көрсөткүчү төмөнкүчө:
Эң жогорку катышуу:
- № 1 (24,5 %),
- № 30 (24,33 %),
- № 13 (24,32 %).
Эң төмөн катышуу:
- № 20 (12,28 %),
- № 24 (13,01 %),
- № 11 (14,28 %).
БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров добуш берүүгө катышуунун төмөн көрсөткүчү Бишкек шаарындагы төрт округда экенин айтып, шаар тургундарын активдүү добуш берүүгө чакырды.
Маалымат иретинде: Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 млн 294 мтң 243 жаран киргизилген, ал эми добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө аяктайт.