Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Шайлоо: Бишкек мэри Айбек Жунушалиев добуш берди
30.11.2025 | 14:08

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып, борбордогу №1220 шайлоо участогунда добуш берди. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Азыркы тапта Бишкекте 296 шайлоо участогy иштеп жатат.
Ошондой эле 296 участкалык шайлоо комиссиясы жана 4 шайлоо округу түзүлгөн. Алардын ичинен 233ү шаардык округдарга, ал эми 63ү Чүй облусунун округдарына (Аламүдүн, Ысык-Ата жана Сокулук райондору) карайт.
Мындан тышкары добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында БШК төмөнкү даректерде 11 дистанттык добуш берүү участогун ачкан:
- «Ош» базары – 1 участок;
- «Asia Mall» соода борбору – 1 участок;
- «Манас» эл аралык аэропорту – 2 участок;
- «Дордой» базары – 2 участок;
- «Аламедин» базары – 1 участок;
- «Дордой Плаза» комплекси – 1 участок;
- «Бишкек Парк» соода борбору – 1 участок;
- Улуттук госпиталь – 1 участок;
- «Орто-Сай» базары – 1 участок.
Рубрики: Жаңылыктар, Шайлоо 2025