БШК төрагасы: Шайлоо түйүндөрүндө көйгөйлөр жок

30.11.2025 | 15:18

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо түйүндөрүндөгү АСУнун ишинде мүчүлүштүктөр жок экенин билдирди.

Маалыматта айтылгандай, соцтармактарда айрым шайлоо түйүндөрдө АСУнун ишинде мүчүлүштүктөр бар деген маалыматтар тараган.

БШК төрагасы бул маалыматтарды төгүндөдү:

«Мүчүлүштүк (сбой) — бул система таптакыр иштебей калган учурда колдонулуучу түшүнүк. Бизде мындай көрүнүш болгон жок. Жоопкерчилик менен билдирем: бир да шайлоо участокторунда мүчүлүштүктөр болгон жок», — деп билдирди ал.

Ошондой эле Шайназаров бул технология Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп жаткандыгын, дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө окшош аналогдор жок экендигин айтты. Ошондуктан, айрым учурларда жаралган суроолор адамдык факторго байланыштуу болушу мүмкүн жана көйгөйлөр ыкчам түрдө жоюлат.

АСУнун иши боюнча айрым учурларды түшүндүрүп жатып, Шайназаров шайлоочулар бюллетенди бүктөп койгону үчүн аппарат аны кабыл албай калганын билдирди. Ал шайлоочуларды бюллетенди бүктөбөөгө чакырды, анткени АСУ бюллетендеги маалыматтарды, талапкерлердин аты-жөнүн так жана туура окушу керек. Бюллетень бүктөлбөгөн болушу зарыл, урнага бюллетендин бетин каратып салынышы керек.

Scroll to Top