Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Будапешттеги мелдешке катышууга кыргызстандык дзюдочулардан кимдер кетти? Тизме
23.10.2020 | 14:30
Кыргызстандын дзюдочулары Будапешттеги мелдешке жөнөп кетишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү ушул жылдын 23 – 25 октябрь күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтө турчу «Grand Slam Hungary» эл аралык рейтинг мелдешине катышышат.
Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн команданы жетектеп Эркин Кадыракунов кетти.
-Спортчулардын тизмеси: Те Артур – 66 кг
-Золоев Владимир – 81 кг
-Шеров Эрлан – 90 кг
-Фарух Булекулов – 90 кг (башка каржылоо булактарынан)
-Краковецкий Юрий – 100 кг жогору.
Дзюдочулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен иш-сапарга жөнөтүлдү.

Рубрики: Жаңылыктар, Спорт