«Бишкек Арена» стадионунун курулушу 90%га аяктадыМаркировкасы жок болгондуктан Казакстандан келген 22 тонна картошка Кыргызстанга киргизилген жокЭки жумалык ок атышууну токтотуу: Тегеран менен Вашингтон эмне тууралуу макулдаштыГрек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык үч балбан Азия чемпиону болдуШерадил Бактыгулов: «Энергетикалык согуш» дүйнөлүк рыноктордун архитектурасына кандай таасирин тийгизүүдө?Бүгүн, 8-апрелде, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Бүгүн, 8-апрелде, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
08.04.2026 | 09:00

Бүгүн, 8-апрелде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын басымдуу бөлүгүндө, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 12…17°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 10…15°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 14…19°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 14…19°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 14…19°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 16…21°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 1…6°C, күндүз 16…21°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 11…13°C, күндүз 15…17°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом