ЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталууда
Бүгүн өлкө боюнча Комуз күнү белгиленүүдө
09.09.2025 | 17:21

Бүгүн Кыргызстан боюнча кыргыздын улуттук музыкалык аспабы – Комуз күнү майрамдалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу балдар музыкалык жана искусство мектептеринде, ошондой эле жергиликтүү маданият үйлөрүндө бул күнү концерттик программалар жана майрамдык иш-чаралар өтүүдө.
“Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облусундагы ондогон мектептерде жана маданий жайларда комузчулардын аткаруулары, фольклордук ансамблдердин концерттери, элдик күүлөр жаңырып, улуттук аспабыз ардакталды”,- деп билдирди министрлик.
Комуз күнү кыргыз элинин маданий биримдигин жана улуттук мурастын улуулугун даңазалаган маанилүү майрам болуп эсептелинет.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы