БУУ Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу билдирүү таратты

БУУ Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу билдирүү таратты

Бириккен улуттар уюму уурдалып барып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу билдирүү таратты.

Анда ала качуу кылмыштуу көрүнүш экени айтылып, Айзада Канатбекованын өлүмү буга айкын мисал экендиги белгиленет.

Ошондой эле ала качуу орун алганда укук коргоо органдарын өз убагында натыйжалуу жана чукул иликтөөлөрдү камсыздоого чакырат.

БУУнун аялдарга карата зомбулук боюнча билдирүүсү

«Ала качуунун» эң соңку курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү бул кылмыштуу көрүнүштү жок кылуу керектигин дагы бир жолу эскертет. Кыргызстанда жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө аялдар жана кыздар урдоого жана зомбулукка кабылбастан, жашаган жеринде коопсуз жүрүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюму бардык өкмөт мекемелерин, анын ичинде укук коргоо жана коопсуздук күчтөрүн, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин «Адамды никеге туруу максатында урдоо» 175-беренесине ылайык катталган учурларга карата өз убагында жана координацияланган чараларды көрүүгө жана мындай учурлар катталганда натыйжалуу жана чукул иликтөөлөрдү камсыздоого чакырат.

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюму жашы жете элек кыздарды жана аялдарды никеге зордоп тургузуу учурларын жоюууга толук колдоосун билдирет жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун расмий билдирүүлөрүндө Айзада Канатбекованын өлүмүн алдын алса боло турган улуттук трагедия катары сыпаттоосун кубаттайт. БУУ Кыргызстандын элинин аялдарга жана кыздарга карата көрсөтүлгөн зомбулуктун бардык түрлөрүнө, анын ичинде «ала качууга» байланышкан аракеттерге, каршылыгын билдирүүсүн колдойт.

БУУ бул багытта өкмөт менен жарандык коомдун бул зыяндуу көрүнүштү жоюу үчүн тереңдеп жаткан кызматташтыгын кубаттайт. БУУ жапа чеккендерге коопсуздук чараларын жана адилеттүү сот жараянын камсыздап, кылмышкерлерди мыйзам чегинде жоопко тартуу менен биргеликте, аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюууга багытталган тийиштүү мыйзамдарды туруктуу ишке киргизүүгө жана аткарууга чакырат.»

Белгилей кетсек, алгач интернетке кызды ала качып кеткен тасма жарыяланган. Бир нече күндөн кийин кыздын жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси автоунаадан табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча ала качкан адам, кызды муунтуп өлтүрүп кийин өз жанын кыйган.

Милициянын маалыматы боюнча кызды уурдап барып өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган адам Орусияда каракчылык үчүн 6 жыл абакка кесилип жаза мөөнөтүн өтөп келген.

Бул окуяга байланыштуу «милиция жоопкерчиликсиз мамиле кылган» деген топ адамдар ички иштер министри иштен кетүүсүн талап кылып митингге чыгышты.

Ал эми президент бул окуяны жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>