Өкмөт башчы Ысык-Көл облусундагы ооруканалардын абалы менен таанышты«Кумтөрдүн» таза пайдасы 706 млн долларды түздүКыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча КМШда экономикалык өсүш ыргагы боюнча лидер болдуМурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдө
Бүгүн футбол боюнча Испаниянын чемпиону аныкталат
22.05.2021 | 11:30
Бүгүн, 22-майда футбол боюнча Испаниянын чемпиондугу Ла Лиганын соңку 38-турунун оюндары өтөт.
Анда чемпиондук үчүн күрөшүп жаткан “Атлетико” конокто “Вальядолид” менен оюн өткөрөт. Ошондой эле Испаниянын баш байгеси үчүн ат салышып жаткан “Реал Мадрид” өз үйүндө “Вильярреал” менен беттешет. Эки оюн тең Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Белгилей кетсек, 37 турдан кийин 80 упай топтогон “Атлетико” биринчи сапта келе жатса, “Реал” 79 упай менен экинчи орунда.

Рубрики: Жаңылыктар, Спорт