Бүгүн, 10-январь Казакстанда улуттук аза күтүү күнү. Бул боюнча Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жарыялаган.
Казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары 164 киши өлгөнүн жазышууда. Анын ичинен эки наристе көз жумганы айтылууда.
Расмий маалымат боюнча, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды.
2-январда суютулган газдын кескин кымбатташынан улам нааразылык уланган.