Украина менен Орусиянын кезектеги сүйлөшүүлөрү бүгүн, 14-мартта өтөт. Бул жолу алар видео форматта улантышат. Мындай маалыматты буга чейин Дмитрий Песков билдирген.
Орусиянын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Украина менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүлөрдө, Беларустагы бетме-бет жолугушууларда орус делегациясын Россия Федерациясынын президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп жатканын билдирди.