Бүгүн Ошто Дүйнөлүк эпостордун фестивалынын ачылышы болот

17.05.2023 | 15:14

Бүгүн Ош шаарында Дүйнөлүк эпостордун эл аралык 7-фестивалынын расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чара борбордук аянтта өтөт.

Эскерте кетсек, фестиваль 17-21-май күндөрү өтүп, анда «Мыкты Семетейчи», «Мыкты Дастанчы», «Мыкты Кыргыз боз үйү», «Саркеч көчмөн» жана «Кадырлуу каада-салт» сынактары уюштурулат.

Бул жылы фестиваль кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана казак элининин залкар жазуучусу Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналат.

Биринчи күндүн программасы:

18:00 – Тынчтык боз үйүн тигүү “Түндүк көтөрүү” жөрөлгөсү;

18:30 – “Тушоо кесүү” салты;

18:40- 20:00 – Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын;

– Казахстан Республикасынын «Туран» фольклордук ансамблинин;

– Элдик бий ансамблинин жана маданият, искусство өнөрпоздорунун концерттик программалары тартууланат.

20:00 – VII Дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалынын салтанаттуу ачылышы

Иш- чаранын жүрүшү “ЭлТР” каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top