Быйыл «Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мындай чечим экологиялык абалды жакшыртуу жана тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган.
Ошондой эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкө боюнча жарандарды салют атпоого жана пиротехникалык каражаттарды колдонбоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз