Быйыл Бишкекте Жаңы жылдык фейерверк болбойт

Быйыл Бишкекте Жаңы жылдык фейерверк болбойт

Бишкек мэриясы быйыл Жаңы жылдык салют уюштурбайт. Бул тууралуу баш калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Бүгүн, 9-ноябрда борборду жаңы жылга жасалгалоо боюнча талкуу болду.

«Мэриянын кызматкерлери жана шаардын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев менен биргеликте жаңы жылдык фейерверктен жана жаңы  жасалгаларды сатып алуудан баш тартууну чечтик.  Шаардын көчөлөрүн жана башкы аянтты кооздоо үчүн колдонууга мүмкүн болгон жана көрүнүктүү жасалгалардын бардыгы колдонулат.

Үнөмдөлгөн акчанын бардыгы мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле биздин ардагерлерге белектерге жумшалат.

Шаар тургундары менен биргеликте өзгөчө көңүл бурууга жана колдоого муктаж болгондордун бардыгына куттуктоону пландап жатабыз.

Эгерде ушундай үй-бүлөлөргө же турмуштук оор кырдаалга туш болгон жалгыз бой энелерге Аяз ата болууну кааласаңыз, анда биз сиз менен бирге жакшы нерселерди жасай алабыз», — деп жазган вице-мэр.

Былтыр, 2019-жылы борбор калааны жаңы жылдык майрамдарга карата кооздоого шаардык бюджеттен 6 миллион 800 миң сом бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>