Быйыл өлкө боюнча 56 миңден ашык абитуриент ЖРТ тапшырган

Быйыл өлкө боюнча 56 миңден ашык абитуриент ЖРТ тапшырган

Ушул жылдын май айында өлкө боюнча 56 миң 159 абитуриент Жалпы республикалык тест (ЖРТ) тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖРТны 31 миң 731 абитуриент кыргыз тилинде, ал эми 24 миң 428 абитуриент орус тилинде тапшырган.

Министрлик тестти май айында тапшыргандардын ЖРТ сертификаттары мектептерге жана шаардык/райондук билим берүү бѳлүмдѳрүнѳ аттестаттар тапшырылганга чейин жѳнѳтүлѳрүн билдирди. Ошондой эле абитуриент сертификатты алуу үчүн тестке кирүү талонун тапшырышы керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>