•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Өлбөс полк” жүрүшү онлайн режимде өтөт

Кыргызстанда коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу бул жылы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Өлбөс полк” жүрүшү онлайн режимде өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган министрлик акцияны өткөрүү үчүн атайын сайт ачты.

Өлбөс полк” иш чарасын өткөрүү маанилүү. Улуу Ата Мекендик согуш мурдагы СССРдин курамына кирген ар бир өлкөдөгү үй-бүлөнүн эсинде”, – деп жазылат маалыматта.

Акцияга бул шилтеме аркылуу катталып, “Өлбөс полктун” электрондук порталына www.pobeda.srs.kg кирип катышса болот.

Катышуучу болуу үчүн эмне кылуу керек?
  • Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусунун сүрөтүн алдын ала даярдап алыңыз;
  • Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусунун аты-жөнүн киргизиңиз;
  • Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу жөнүндө кыскача маалымат бериңиз;
  • Файлдарды жүктөңүз;
  • Ага жазыла турган тексттин көлөмү 4 миң белгиден ашпоо керек, сүрөттүн өлчөмү 5 МБ, жарай турган формат – jpg 3х4.

Бул портал аркылуу жөнөтүлгөн кайрылуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кароого келип түшөт.

Кыргызстанда “Өлбөс полку” алгачкы жолу 2014-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн, 2015-жылы жүрүшкө Бишкек шаары кошулган.

Сунушталган жаңылыктар
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Бир суткада COVID-19 илдетинен 11 адам каза тапты

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Бүгүн 565 адамга COVID жукканы аныкталды

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Бишкекте кайсы стационарларда бош орундар бар? – Тизме

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

COVID-19: Күз-кыш мезгилине карата 5 миңдей орун даярдалат

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *