Былтыр Кыргызстанга Кытайдан 127,9 миң турист келген

Былтыр Кыргызстанга Кытайдан 127,9 миң турист келген

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Маданият жана туризм министрлиги топтук туристтик сапарларды жеңилдетүү боюнча меморандумга кол койду.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, бул документ туристтик агымды арттырып, экономикага оң таасирин тийгизет.

«Эми Кытай расмий түрдө өзүнүн туристтик топторун Кыргызстанга жөнөтө алат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик биргелешкен туристтик маршруттар түзүлүп жатканын, Кыргызстан Кытайдан өз алдынча келген саякатчылар үчүн сунушталган өлкөлөрдүн тизмесине киргенин белгиледи.

2024-жылы Кыргызстанга Кытайдан 127,9 миң турист келген. Ал 2023-жылга салыштырмалуу 56%га көп.

Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн 21 күнгө чейин визасыз режим киргизген.

Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизилди

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>