Кечээ, 8-майда президент Садыр Жапаров «Ала-Тоо» аянтындагы аскердик парадга Россияда чыгарылган автоунаа менен келди.
Бул жолу мамлекет башчысы мурда айдап жүргөн брондолгон Мерседес-Бенц менен эмес, Аурус үлгүсүндөгү унаа менен келген.
Президенттик аппарат билдиргендей, былтыр Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровго россиялык өндүрүштөн чыккан эки «Арус» унаасын белекке берген.
«Экөө тең Кыргызстанда. Алардын биринде өлкө башчы кечээ Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага келди», — деп билдиришти.
Aurus — жогорку мамлекеттик чиновниктерди жана VIP жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн түзүлгөн россиялык люкс башкаруучу унаалардын бренди. Бул Россиянын Rolls-Royce, Bentley жана Mercedes-Maybach сыяктуу бренддерге берген жообу.