Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Быйыл Кыргызстан Америкага 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттоду
13.08.2025 | 14:20

Быйыл Баткенден «Алтын-Аймак» ишканасы тарабынан 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш Америкага экспорттолду. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлиги маалымдады.
Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан «Алтын-Аймак» ишканасы кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө багытталган замандаш ишкана болуп саналат. Ишкананын суткасына 10 тонна өндүрүш кубаттуулугу бар.
“Ишкана эки негизги цехтен турат: күндүн энергиясын колдонуп чийки продукцияны тез жана сапаттуу кургатуу, ошондой эле кайра иштетүү жана таңгактоо линиялары. Сезондо ишкана эки нөөмөттө 40-50 жумушчу менен иштеп, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзүп жатат”-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар