Быйыл ички дүң продуктунун көлөмү 11%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда ички дүң продукт (ИДП) 1 трлн 42,1 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ИДП 11%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү фармацевтикалык продукциялардын 2,2 эсеге, тамак-аш азыктарын жана тамеки өндүрүүнүн 44,4%га, жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын 32,9%га көбөйүшү менен камсыздалган.
Ошондой эле резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүү 32,2%га, химиялык продукцияларды өндүрүү 22,8%га, текстиль, кийим өндүрүрүшү 7,1%га, пайдалуу кендерди казуу 15,5%га өскөн.
Оң тенденциялар курулушта байкалып, өндүрүштүн көлөмү 34,8%га көбөйгөн. Ал эми дүң жана чекене соода 11,6%ды, ошондой эле айыл чарбасы 2,4%ды түзгөн.