Трамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайы
Быйыл Казакстан 100 миң тоннадан ашык бензин экспорттоду
17.07.2025 | 18:51
2025-жылдын алгачкы беш айында Казакстан чет өлкөлөргө 106,6 миң тонна бензин экспорттоду. Экспорттун жалпы баасы 64,9 млн долларды түздү. Бул тууралуу «Курсив» басылмасы Казакстандын улуттук статистикалык бюросуна шилетеме берип жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкө бензин экспортун жасаган эмес.
Казакстан бензинди негизинен коңшу өлкөлөргө саткан:
- Кыргызстан — 55 миң тонна (30,6 млн доллар);
- Өзбекстан — 46,6 миң тонна (31 млн доллар);
- Тажикстан — 2,2 миң тонна (1,4 млн доллар);
- Ооганстан — 3 миң тонна (1,9 млн доллар).
Казакстан ошондой эле дизелдик отундун экспортун да көбөйткөн. Экспорт 2024-жылга салыштырмалуу 15,3%га өсүп, жалпы көлөмү 19,1 миң тоннаны түзгөн. Башкы импорттоочулар Кыргызстан (16,3 миң тонна) менен Өзбекстан (2 миң тонна) болгон.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар