Быйыл жыл аягына чейин Кыргызстанда 9 соода-логистикалык борбор ишке берилет

25.09.2025 | 10:08

Учурда өлкө боюнча 34 соода-логистикалык борбор иштеп жатат. Ал эми 2025-жылы 9 борбор салуу пландалган болсо, анын бешөө ишке берилип, калган төртөөнү жыл аягына чейин ишке берүү күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматк ылайык, жаңы соода-логистикалык борборлору экспорттук жана импорттук агымдарды натыйжалуу башкаруу, айыл чарба продукцияларын сактоо жана бөлүштүрүү максатында түзүлүп жатат.

Министрлик борборду түзүү бир нече негизги этаптардан турарын билдирди. Адегенде долбоордун максаттары аныкталып, жайгашкан жери тандалат жана бизнес-модель эсептелет. Андан соң аймактын планы менен инфраструктурасы иштелип чыгып, курулуш иштерине уруксаттар алынат.

Курулуш баскычында кампалар жана кеңселер тургузулуп, заманбап жабдуулар жана IT-системалар орнотулат. Андан ары товарларды кабыл алуу, сактоо жана жөнөтүү процесстери жолго коюлуп, электрондук документооборот жана кардарлар үчүн санариптик кызматтар киргизилет. Персоналды тандоо жана окутуу өзүнчө багыт катары каралат. Ошондой эле жаңы борбордун иши сыноодон өткөрүлүп, анын натыйжалуулугу бааланат.

Министрлик келечекте кызмат көрсөтүүлөрдүн спектри кеңейип, автоматташтыруу, электрондук соода жана блокчейн сыяктуу инновациялык технологиялар киргизилиши пландалып жатканын кошумчалады.

Scroll to Top