Чүй облусунда туристтердин 5% гана эс алат

Чүй облусунда туристтердин 5% гана эс алат

Чүй облусу социалдык-экономикалык өнүгүү жагынан лидер болуш керек. Ошондой эле ири инвестициялык, туристтик жана социалдык-экономикалык долбоорлор жүзөгө ашырылышы зарыл. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2020-жылдын планы каралган коллегиясында билдирди.

Министрлер кабинетинин жетекчиси жакшы жетишкендиктер дагы, кемчиликтер дагы бар, негизинен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчү орто экенин белгиледи.

Өкмөт башчынын айтымында, учурдагы дараметине карабастан, Чүй облусунда болгону туристтердин 5% гана эс алат.

«Жергиликтүү бийлик туристтик жана башка багыттагы ишмердүүлүккө инвестиция тартуу боюнча иштерди активдештирүүсү керек. Белгилей кетүүчү жагдай, ички мигранттардын негизги агымы дал ушул Чүй облусунда жашап жатат. Айрым мигранттардын балдары кандайдыр бир шартта байланыштуу документи жок. Бул аларды социалдык жөлөк пул алуу жана мамлекеттик кызматарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууда.  Бул жыл балдарды колдоо жылы деп дагы саналат. Ошондуктан документтештирүү жана мамлекеттик социалдык жардамга муктаж балдарды аныктоо боюнча бардык маселелер чечилиши шарт.  Муну менен катар энелердин жана балдардын өлүмүн азайтууга көңүл бурулушу керек», — деди өкмөт башчы. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>