Токмокто 11 жашар баланы унаасы менен сүзүп, андан соң из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 23-июлда саат 16:30 чамасында болгон. Анда Токмок шаарында «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа 11 жашар баланы сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.
Айдоочу болсо, кечээ 27-июлда кармалган. Унаасы айып аянтчасына токтотулган.