Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кендирбаева: Жаңы окуу китептери сапаттуу жана балдарга ылайыктуу болушу керек
07.07.2025 | 09:38
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Жыйынга «Окуу китеби» басма үйүнүн, Билим берүү академиясынын кызматкерлери жана министрдин орун басарларынын катышкан.
Жыйында жаңы муундагы «Математика», «Табият таануу» окуу китептерин даярдоо, басып чыгаруу маселелери каралган. Анда окуу китептеринин мазмуну, тили жана визуалдык чечимдери боюнча бир катар эскертүүлөр жана методикалык сунуштар айтылган.
Министр сапаты жогору жана баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкталган окуу материалдарын иштеп чыгуу маанилүү экенин баса белгилеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Агартуу министрлиги, окуу китеп