Чүйдө 17 жаштагы Динара эки жумадан бери дайынсыз болууда

Чүйдө 17 жаштагы Динара эки жумадан бери дайынсыз болууда

Чүй облусунда 17 жаштагы Динара Абденова 3-апрелден бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан кыз Маловодное айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

Динара Абденованын белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто салмакта, чачы кара, узун, көзү күрөң. Ал ошол күнү кара күрмө, кара юбка, көк түстөгү көйнөк, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Милиция кызматкерлери изделип жаткан Динара Абденова буга чейин дагы бир нече жолу үйүнөн качып кеткенин айтып, алдын ала маалыматка ылайык, ал Бишкектеги кафелердин биринде кошумча каражат таап иштеп жүрөт.

Сүрөттөгү кызды көрүп, билгендер болсо милиция кызматкерлерине кабарлоону унутпаңыз.

Байланыш номерлери: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0708 89 13 14.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>