АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Ноокаттан парламентке ат салышууга 2 талапкер арызын берди
01.05.2024 | 12:30
№5 Ноокат шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү иши башталды. Бул тууралуу Борбор шайлоо комиссиясы билдирди.
Ага катышуу үчүн Бактыбек Марипов менен Айболот Айдосовдон арыз келип түштү.
Бактыбек Марипов 36 жашта, ал буга чейин айыл өкмөтүн жетектеп, жергиликтүү кеңештин депутаты болгон.
2021-жылкы шайлоодо Ноокат бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган Жусупбек Коргонбай уулунан 1 пайызга аз добуш алып, 2-орунду ээлеген.
Айболот Айдосов 38 жашта, ал буга чейин медиа тармагында жана мамлекеттик кызматта иштеген.
Добуш берүү 30-июнда, Ноокаттан сырткары Ысык-Көл бир мандаттуу округунда дагы өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат