Жаңы окуу жылынын башында Чүй облусундагы коомдук транспорттор окуучуларды бекер ташыйт. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, облуста 1-сентябрдан тарта 1-класска барган окуучулар мектепке барып билим алышат. Алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн «Көңүл бургула, балдар!» аттуу иш-чара уюштурулат. Анын алкагында 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин коомдук унаалар окуучуларды бекер ташыйт. Айдоочулардан унаага окуучуларды жана башка жүргүнчүлөрдү да аралыкты сактоо менен отургузуу талап кылынат.