26-январь күнү саат 15:16да Чүй облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Ысык-Ата районунун Карагай-Булак, Алмалуу айылдарында 2,5 балл, Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.