Чүйдө жол кырсыгынан 2 адам жаракат алды — видео

Чүйдө жол кырсыгынан 2 адам жаракат алды — видео

Чүйдөгү Орловка шаарында эки автоунаа сүзүшүп 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ саат 8:40тар чамасында болгон. Анда, Toyota Prius жана Audi A4 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочусу тең жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

 Текшерүүнүн натыйжасында Toyota үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 29 жаштагы аял спирт ичимдигин ичкени аныкталган.

Учурда эки унаа тең айып аянтчасына токтотулуп, иликтөө иштери башталган. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>