Чаткалда 10 млн пара талап кылган айыл өкмөт башчы кармалды

18.08.2025 | 15:48

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы коррупциялык кылмышка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, айыл өкмөт башчысы Т.Б.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тендерден жеңип чыккан иш аткаруучудан колдоо көрсөтүү үчүн 10 млн 200 миң сом талап кылганы аныкталган.

Буга чейин Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Базар айылында спорт залдын курулушуна тендер жарыяланып, анын жалпы баасы 25 млн сомду түзгөн.

Белгилүү болгондой, 15-августта “Опузалап пара алуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айыл өкмөт башчысы акча алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда шектүү УКМКнын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөөгө тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top