Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынында 61 жаштагы адам 15-июлдан бери дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Жарандын дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-июль күнү түшкөн.
Издөө иштерине 20-июль күнү ӨКМдин куткаруучулары жана ИИМдин кызматкерлери тартылган.