Кадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жок
Чаткалда экологияга 47 млн сом зыян келтирилген
27.08.2025 | 12:14

Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук прокуратурасы жер казынасын пайдалануу тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын текшерип, ири мыйзам бузууларды аныктады.
Маалыматка ылайык, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Чаткал филиалынын жооптуу кызмат адамдары 8,5 гектар жайыт жерди мыйзамсыз түрдө «С.А.» ЖЧКсына убактылуу пайдаланууга берип, мамлекетке 45,4 млн сом зыян келтиришкен.
Компания жер тилкесине лагерь орнотуу маалында 10,4 гектар аянттагы жердин түшүмдүү катмарын бузуп, экологияга кошумча 2,4 млн сом зыян келтирген.
Жалпысынан зыяндын көлөмү 47,8 млн сомду түздү. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар