ЖК ишине кайтып жатат: УКМКнын жана Башкы прокуратуранын жетекчилери бекитилетПутин менен Пезешкиан Бишкекте Ирандын АКШ менен болгон «морт тынчтыгын» талкуулашты2-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтСооданын өсүшү жана КММ жеткирүү: Жапаров менен Путин Бишкекте сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүАтом жана санарип: Путин менен Пашинян ШКУ саммитинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүЧолпон-Атадагы этнофестивалда дүйнөлүк жылдыздардын кимиси өнөр көрсөтөрү белгилүү болду — кенен маалымат
АКШ элчилиги визага тапшырууда жалган маалымат берүү кесепеттерге алып келерин эскертти
27.08.2025 | 12:08

АКШ визасына арыз берүүдө жасалма документтерди тапшыруу олуттуу мыйзам бузуу болуп саналып, виза алуу укугунан ажыроого алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалган маалымат берген же жасалма документтерди тапшырган жаранга АКШга саякаттоого түбөлүк тыюу салынышы мүмкүн.
“АКШнын Мамлекеттик департаменти визалык системанын бүтүндүгүн коргоо жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кылдат текшерүү жана коопсуздук чараларын колдонот”,- деп билдирди АКШ элчилиги.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом