Чаткалдын тургуну аялын сабады деп айыпталды. Милициянын түшүндүрмөсү

11.11.2025 | 11:48

Интернетте аялдын денесине оор жаракаттар келтирилгени көрсөтүлгөн сүрөттөр тарады. Түшүндүрмөдө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Жер-Капчыгай айылында бир эркек аялына катаал мамиле кылгандыгы айтылган.

Аймактык ИИБнын басма сөз кызматы Reporter.kgге билдиргендей, 41 жаштагы С.М. ар кандай дене жаракаттары менен райондук ооруканага жаткырылган. Бул факт маалымат каттоо журналында катталып, окуя боюнча териштирүү иштери башталган.

Аял милиция кызматкерлерине күйөөсү мас абалында үйүнө келип жаңжал чыгарганын, андан кийин кошунасыныкына кеткенин айткан. Бир аздан кийин ал үйүнө кайтып баратканда 7–8 метр бийиктиктен кулап, жаракат алган. Ошондой эле аял күйөөсүнүн урбаганын билдирген.

Бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Медиктер ошол күнү жабырлануучунун күйөөсү чындап эле мас абалда болгонун тастыкташкан. Териштирүү иштери уланууда.

Scroll to Top