Site icon Reporter.kg

Чек ара чыры: Кыргызстандык эки жаран жараат алды, биринин абалы өтө оор

Кыргыз-тажик чек арасында «Самаркандек» чек ара тозотундагы куралдуу чыр-чатактан эки жаран жараат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Жараат алгандар 31 жаштагы Б. И.к. жана 21 жаштагы Б.К.у. аттуу жарандар. Алар Лейлек райондук ооруканага жеткирилип, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Б.К.у. аттуу жарандын башына снаряддын сыныгы тийген. Анын абалы орто оор деп бааланууда.

Ал эми 31 жаштагы Б. И.к. аттуу жаран октон жараат алган. Ок бел тушуна тийип, ич көңдөйүнө кирип кеткен. Анын абалы өтө оор деп бааланып, операцияга алынган.

«Тажик тараптан атышууда кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар карапайым калкка, инфраструктуралык объектилерге, турак-жай имараттарына жана жарандардын башка мүлкүнө эч кандай зарылчылыксыз ок атканы өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Ошол эле учурда тажик тарап гранатометторду, миномётторду жана ок атуучу куралдарды колдонушкан», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы тилкесинде чыр чыккан. Ок атышуунун айынан кыргызстандык эки аскер кызматкери жараат алды. Андан кийин саат 14:00дөрдө Тажикстандын чек арачылары Как-Сай жергесиндеги «Достук» тозотуна ок чыгарып, ок атышуу 14:40та токтогон. Ошондой эле «Самаркандек» тозотунда да саат 15:08де ок атышуу башталып, саат 16:00гө карата токтогон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version