Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь саат 16:00гө карата саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 122 жабырлануучуну түзөрүн, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.
- Баткен облустук бириккен ооруканасы – 41 жабыркаган;
- Лейлек ЖДПБ — 35 жабырлануучу;
- Кулунду ЖДПБ — 3 жабырлануучу;
- Сүлүктү ЖДПБ — 6 жабырлануучу;
- Улуттук госпитал – 21 жабырлануучу;
- Улуттук хирургиялык борбор – 1 жабырлануучу;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 7 жабырлануучу;
- Ош облустук бириккен ооруканасы – 1 жабырлануучу.
Учурда Баткенден жабыркагандардын айрымдары атайын учактар менен Бишкектеги саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилип жатат, такталгандан кийин кошумча маалымат берилет.
Буга чейин министрлик Тажикстан тараптын кол салуусунан улам 24 кыргызстандык жаран каза болгонун билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз