Чек ара кызматы: «Достук» тозотундагы ок атышуу токтоду

Чек ара кызматы: «Достук» тозотундагы ок атышуу токтоду

Бүгүн, 14-сентябрда саат 14:00дөрдө башталган Баткен районунун Как-Сай жергесиндеги ок атышуу токтоду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Ок атышуу саат 14:40та токтогон. Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Чек ара кызматы саат 14:00дөрдө Тажикстан тарап Баткендин Как-Сай жергесинде «Достук» тозотунун чек ара кызматкерлерине ок чыгарып, ок атышуу башталганын билдирген.

Андан мурдараак кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы жергесинде чыр чыккан. Ок атышуунун айынан кыргызстандык эки аскер кызматкери жараат алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>