Бишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирди
Чек ара кызматы: Тажикстан тарап “Достук” тозотун аткылады
14.09.2022 | 14:30
Бүгүн, 14-сентябрда саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында кайра ок атышуу башталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой Тажикстан тарап Баткен районунун Как-Сай жергесинде саат 14:00дөрдө “Достук” тозотунун чек ара кызматкерлерине ок аткан. Кыргызстандык чек арачылар жооп иретинде ок чыгарган.
“Ок атышуу уланууда”, – деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Баткендин Булак-Башы жергесинде чыр чыкты. Ок атышуунун айынан кыргызстандык эки аскер кызматкери жараат алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом