Чек ара кызматы УКМКнын курамына өттү

Чек ара кызматы УКМКнын курамына өттү

Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына өткөрүлдү. Тийиштүү токтомго президентинин м.а, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Аталган чечим чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, жана мамлекеттик органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында кабыл алынганын Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында, жайгашкан жери Бишкек шаары болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлдү.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>