Чек ара жаңжалы: Бүгүн Исфарада Тажикстан менен Кыргыстандын вице-премьер-министрлери жолугушат

Чек ара жаңжалы: Бүгүн Исфарада Тажикстан менен Кыргыстандын вице-премьер-министрлери жолугушат

Бүгүн, 14-январда Тажикстандын Исфара шаарында Тажикстан менен Кыргыстандын вице-премьер-министрлери – Азим Иброхим менен Жеңиш Разаков жолугат. Бул тууралуу “Озоди” радиосуна Азим Иброхим билдирди.

Маалыматка караганда, таңкы саат 10до баштала турган сүйлөшүүлөр чек арадагы абалды жөнгө салууга багытталат:

«Мен мурда айткандай эле, эки тарап тең тартип бузгандарды жоопкерчиликке тартышы керек. Чек арага тиешелүү маселелер мурда кол коюлган протоколдорду жана эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен, сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечилүүгө тийиш», – деди Азим Иброхим.

Сүйлөшүүгө тажик тараптан Тажикстан ички иштер министри Рамазон Рахимзода, УКМК төрагасы Саймумин Ятимов, башкы прокурор Юсуф Рахмон, Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали баштаган топ катышат.

Бул арада вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин чечиш үчүн тажик тарапка жерлерди алмашуу сунушталганын жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, чек ара маселесине байланыштуу акыркы убакта эки өлкөнүн өкүлдөрү 20 жолу жолугушкан. Техникалык топтун ишинин акыркы маалыматтары боюнча, 134 ири масштабдагы топографиялык карта даярдалды, дагы 4-5ти даярдоо керек.

«Тажик тарапка жерлерди алмашуу боюнча ар кандай варианттарды сунуштап жатабыз. Алар карап жатат. Азыркы учурда бир тилке боюнча «негизи биз макулбуз» деп айтышууда. Кайсы жерден, канча аймак алмашыш керек ал жөнүндө так жообун айтыша элек», – деди Разаков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-январда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөргөн. Анда президент коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын күчөтүү жана чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу керектигин айткан.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Бул чатактан соң эки тарап бири-бирин айыптаган билдирүү жасашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>