Лейлек районундагы чек арада болгон атышуудан жаракат алган 10 адам Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги, 16-сентябрь күнү кечке маал Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жалпы 13 адам жаракат алып, 1 адам каза болгонун билдирген. Жаракат алгандардын жетөө аскер кызматкерлери болсо алтоо жергиликтүү тургундар.