Чек арачылар аткезчилик жүк алып өтүү аракетине бөгөт койду – сүрөт

Чек арачылар аткезчилик жүк алып өтүү аракетине бөгөт койду – сүрөт

Мамлекеттик чек ара кызматы аткезчилик жүк алып өтүү аракетине бөгөт коюлганын кабарлады. 

Маалыматка караганда, 3-январда Лейлек районунда чек арачылар Худжант-Канибадам автотрассасына жакын жерден Кыргызстандын аймагында тажик номериндеги Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын текшеришкен.

Айдоочу жана жүргүнчү унаадан чык деген талапка баш и        йбей Тажикстанга качып кирүүгө аракет кыоышкан. Бирок чек арачылар аларды токтотуп кармашкан.

Алардын өздүгүн тактоо учурунда 1986-жылы туулган Ш.Д., жана 1990-жылы туулган Ч.Ш., аттуу Тажикстандын жарандары экендиги аныкталган.

Унааны текшерүү учурунда эч кандай уруксат кагаздары жок 4 тонна мандарин табылган. Контрабандалык жүктүн болжолдуу баасы 300 000 сомдун тегерегин түзгөн.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган жарандар жана контрабандалык жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү орган өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.

[su_image_carousel source=»media: 53283,53282″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>