Кыргыз-казак чек арасындагы “Кайыңды—темир жол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган Орусиялык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.
“48 жаштагы Орусиянын жараны 17-ноябрдь күнү жүк ташуучу поезддин вагонуна жашынып өтүүгө аракет кылган учурда кармалды», — деп жазылат маалыматта.
Чек арачылар кармалган жарандын үстүнөн тийиштүү документтерди толтургандан кийин аны ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.