Чет өлкөлүктөрдү ташыган таксист 40 адамга коронавирус жуктурган

Чет өлкөлүктөрдү ташыган таксист 40 адамга коронавирус жуктурган

Бангкокто чет өлкөлүктөрдү ташыган таксист 40 адамга коронавирус жуктурган. Бул тууралуу New York Times басылмасы жазып чыкты. 

Азияда туризм токтоп, бизнес аксап жатканына карабастан, такси жана коомдук траноспорттун айдоочулары активдүү вирус таркатуучу болуп эсептелинет.

Мына ушундай окуялардын бири Таиландда катталган. Өлкөнүн борбору   Бангкок шаарында таксилердин бирин кытайлык аял токтотуп, ооруканага жеткирип коюсун өтүнгөн.

Такси унаа тыгынына кабылып, таксистке телефонунан туристтик жайларды көрсөтүп жаткан аял чүчкүрүп жиберген.  Бир жумадан кийин таксисттен коронавирус аныкталып, ал кеминде 40 адамга вирус жуктурганы маалым болгон. 

Ошондой эле маалыматта учурда туризм токтоп, өлкөлөрдүн чек аралары жабык турганына карабастан дале болсо айдоочулар үчүн COVID-19 вирусун жуктуруп алуу тобокелчилиги көп экени айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>