Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар парламенттик шайлоодо кантип добуш бере алат?

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү жарандарга парламенттик шайлоодо добуш берүү механизмин түшүндүрдү.
Маалыматка караганда, эми өлкөнүн аймагынан тышкары добуш берүү онлайн-идентификация аркылуу жүргүзүлөт. Бул ыкма менен жарандар Кыргызстандагы туруктуу катталган жерине барбай эле, чет өлкөдөгү каалаган шайлоо участогунда добуш бере алышат.
Шайлоого катышууга Кыргызстандын аймагында катталган, биометрикалык маалыматы бар жана 18 жашка толгон жарандар укуктуу. Ар бир шайлоочуга катталган аймагындагы округдун бюллетени берилет.
БШК алдын ала шайлоочулардын тизмесин “Тизме” порталында жарыялады. Жарандар 19-ноябрга чейин өздөрүнүн аттары тизмеде бар-жогун текшере алышат. Эгер маалыматтарда ката кетсе, шайлоочу ошол мөөнөткө чейин авторизациядан өтүп, “Шайлоочунун кабинети” кызматы аркылуу электрондук арыз бере алат.