Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Кел-Суу көлүндө заманбап туристтик шаарча пайда болот
13.10.2025 | 14:30

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ат-Башы райондук башкармалыгы туристтик лагердин эскиздик долбоорун даярдады.
Лагерь Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Көк-Кыя өрөөнүндө, Кел-Суу көлүнүн жээгинде жайгашат.
Долбоорго ылайык, этно шаарча, заманбап мейманкана, унаа токтотуучу жай, оюн аянтчалары, ат минуучу аянтча жана башка эс алуу объекттери курулат.
Министрликтин маалыматына караганда, долбоордун негизги максаты — Кел-Суудагы туристтик лагерди иретке келтирүү жана эс алуучу кызмат көрсөтүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом