Жалпы жарандык паспортту эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн алмаштырууга болот
«Кызмат» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жаңы онлайн кызматты ишке киргизди. Эми жалпы жарандык паспортту (2020-жылкы жана андан кийинки үлгүдөгү) «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алмаштырууга арыз берсе болот.
Кызмат кадимки тартипте көрсөтүлөт, ал эми документти даярдоо мөөнөтү 18 жумушчу күндү түзөт.
Онлайн кызматтан төмөнкү учурларда пайдаланууга болот:
- документтин колдонуу мөөнөтү аяктаганда же жарандын өз каалоосу менен;
- жеке маалыматтар өзгөргөндө;
- паспорт жараксыз болуп калганда (айрылган, булганган ж.б.) же жоголгондо.
Арызды тариздөөдө жарандар фамилиясынын, атынын жана атасынын атынын латын тилиндеги транслитерациясын өз алдынча өзгөртө алышат.
2025-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт жөнүндө жобого ылайык, чет өлкөлүк паспортто атасынын аты эми жарандын каалоосу менен көрсөтүлөт. Онлайн арыз берүүдө талапкер атасынын атын жаздырууну же жаздырбоону өзү тандайт. Белгилей кетсек, ID-картада (ички паспортто) атасынын аты мурдагыдай эле милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
Тутум сүрөттү жүктөөнүн заманбап ыкмаларын сунуштайт: аны телефондун галереясынан тандаса, тиркемеден түз сүрөткө тартса же КТБдан (ЦОН) алынган атайын штрих-код аркылуу даяр сүрөттү жүктөсө болот (КТБда сүрөткө түшүү акысыз бойдон калат).
Сүрөткө карата ИКАО эл аралык стандарттары колдонулат:
- ак фон, көлөмү 35х45 мм, сүрөт арыз бергенге чейин 6 айдан кеч эмес тартылган болушу керек;
- жүзү бейтарап абалда (бир аз жылмаюуга уруксат берилет), тике объективди карап туруу зарыл;
- баш кийимдердин болушуна жол берилбейт (жүздүн сүйрүсүн жаппаган диний жоолуктардан тышкары);
- эгер жаран көз айнек тагынса, анын алкагы көздү жаппашы керек, ал эми айнегинен жарык чагылышпашы зарыл. Офистик же күнүмдүк кийим.
Арызды «Түндүк» аркылуу ийгиликтүү берүү үчүн жарандын колдонуудагы булуттук электрондук кол тамгасы болушу шарт. Анын бар-жогун тиркемедеги жеке кабинеттен текшерсе болот.