Чет өлкөлүк аскер окуу жайларына өткөн курсанттар ант беришти

Чет өлкөлүк аскер окуу жайларына өткөн курсанттар ант беришти

Ушул жылдын 20-августунда Чет мамлекеттик жогорку аскер окуу жайларына тапшырган курсанттарды салтанаттуу аскердик антка келтирүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.

Иш-чара Ата-Бейит мемориалдык комплексинде өтүп, ага Коргоо министрилигин өкүлдөрү, курсанттардын жакындары катышты.

Бул жылы чет мамлекеттик жогорку аскердик окуу жайларга 40тан ашык кыргыз жарандары өтүп, алар Россия Федерациясынын, Азербайджан жана Казакстанстандын жогорку аскердик окуу жайларынан билим алышат.

Эске салак, курсанттар буга чейин тереңдетилген медициналык текшерүүдөн, дене-тарбиялык даярдыгы боюнча нормативдерден, жана   предметтик жана психологиялык тесттерден өтүшкөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ант берүү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>