«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсызКыргызстандын айыл чарба продукциясы Япония, Кытай жана Россия базарларын өздөштүрүүдөДастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдөКыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилет
Чолпон-Атада депутат салык кызматкерин коркуткан
13.06.2024 | 12:13
Чолпон-Ата шаарынын 36 жаштагы депутаты Т.С. кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Ал массалык башаламандыкка чакырууга шектелүүдө.
Милициянын маалыматында, 22-май күнү Т.С. салык кызматкерин күч колдонорун жана массалык башаламандык уюштурарын айтып коркуткан. Анын видеого тартылган бул аракетине лингвистикалык экспертиза жасалды.
Ички иштер башкармалыгы шаардык кеңештин депутаты Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсү экенин белгилейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар