Чолпон-Атада Кыргызстан менен Орусиянын агартуу министрлери жолугушту

19.08.2025 | 14:38

Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун алкагында Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцов жана илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков менен жолугушту. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын мамлекеттик жана предметтик стандарттарына ылайык эки өлкөнүн жумушчу тобу иштеп чыккан 1-, 2-, 5- жана 7-класстарга арналган «Русский язык и чтение», «Русский язык», «Русская литература» жана «Русская и мировая литература» предметтери боюнча окуу китептерин өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшүшкөн.

Министрликтин маалыматында, бул китептер басылып чыккандан кийин быйыл октябрь айында Кыргызстандын мектептерине жеткирилет.

Мындан тышкары Кендирбаева Валерий Фальков менен кесиптик-техникалык окуу жайлардагы адистиктер боюнча кызматташуу жана педагогикалык адистиктер боюнча тереңдетип даярдоо маселесин талкуулаган.

Scroll to Top